Психологиялык зомбулуктан арылуунун кандай ыкмалары бар? Психолог жооп берет

Психологиялык зомбулук коомдо ар дайым эле ачык айтыла бербеген, адамдын физикалык жана руханий жан дүйнөсүнө оор кесепеттерди алып келген көрүнүш десек болот. Бүгүн дал ушул көйгөй тууралуу суроолорго психолог Нургул Джамгырчиева жооп берет.

- Психологиялык зомбулук деген эмне?

- Психологиялык зомбулук – бул бир адамдын башка адамдарга карата орой мамилеси, аларды басынтуусу. Буга жолдошуна, балдарына, ата-энесине же улгайган адамдарга карата зомбулук кирет.

Зомбулук көрсөткөн адамдын (зөөкүрдүн) максаты – зомбулук жеген адамда "өзүм күнөөлүүмүн" деген сезимди жаратуу.

- Агрессор адамды кантип билсе болот?

- Агрессор ар дайым күнөөлөйт, коркутат, сынап турат, кемсинтет, басынтат, кол көтөрөт, себеби жок кызганат, сексуалдык жактан да орой мамиле кылат, башка жакын адамдар менен катышууга тоскоолдук көрсөтөт (бир гана агрессордун уруксаты менен катышса болот), финансалык чектөө коёт же финансалык эгемендүүлүктү толугу менен жокко чыгарат (жумушка чыгарбайт, акча каражатын өзү көзөмөлгө алат). Дайыма текшерип туруу - агрессордун көнүмүш адаты (ким менен сүйлөштүң, эмне жөнүндө, видеокөзөмөлдөө жана башка).

Зомбулукка кабылган адамдын көз каранды абалынан агрессор ырахат алат.

- Үй-бүлөдөгү психологиялык зомбулуктан арылуу үчүн кандай чара көрүү керек?

● Өздүк чек араларды коргоону үйрөнүү;

● Ички балансты кармоо. Анткени зомбулук көрсөткөн адам агрессиясын сыртка чыгаруу жолдорун издейт. Бул зөөкүрдүн ички дүйнөсүндөгү негативдик. Мунун себеби зомбулукка кабылган адам эмес деген позицияны кармоого үйрөнүү;

● Бул менин тагдырым, турмушум деген ойлордон алыстоо жана чыгуу;

● Финансалык эгемендүүлүккө жетүүгө аракеттенүү (толугу менен болбосо да күнүмдүк турмушка жеткидей, анткени бул андан ары өзүн көз каранды эмес деп сезүүгө күч-кубат, дем жана ресурс берет);

● Баарлашуу чөйрөнү (тааныш, достордун санын) кеңейтүү (жашоо-турмушун агрессор менен гана чектөөдөн алыс болуу).

Эң негизги аракет - бул жабыркаган адамдын өзүнүн жашоо-турмушун өз колуна алып, өзүнө ишенүүсү жана өнүгүүсү. Ошондой эле психолог, юрист, жактоочу, балдар психологу менен чогуу чара көрүү керек.

Бул иш-аракеттердин негизинде зомбулук жеген абалдан чыгуу мүмкүн.

- Психологиялык зомбулуктан жабыр тартып жаткан адамдын белгилери...

- зөөкүрдү аяп, аны актоо сезимдери (жасаган мамилесине карабастан);

- өзүн-өзү төмөн баалоо;

- алсыздык сезимдерине чөмүлүү;

- такай тынчсыздануу;

- коркуу сезимдеринин артуусу;

- өз алдынча турмуш куруп кетүүгө ишенбөө;

- өзүнө-өзү кол салуу жөнүндө ойлонуу;

- сексуалдык жактан көңүлүнүн жоктугу (эгерде агрессор өмүрлүк жолдошу болсо);

- белгисиздик сезими (анткени агрессордун планы, көңүлү тез өзгөрүп турат);

- жашоонун кызыгынын жоголушу негизги белгилери болуп саналат.

- Зомбулуктун кандай циклдери бар?

- зомбулуктун арбындашы;

- зомбулук учуру;

- жарашуу;

- "бал айы" (зөөкүр өз жүрүм-турумун, мамилесин оңдойт, зомбулук жеген адам агрессордун өзгөрүүсүнө ишене баштайт).

- Психологиялык зомбулукка кабылган адамдын өзүн-өзү коргой албагандыгы жана өзүнө болгон ишениминин, өзүн баалоонун төмөн болушу себеп болобу же башка да факторлор барбы?

- Албетте, бул өзүн баалоонун, өзүнө болгон ишениминин төмөн болушунан келип чыгышы мүмкүн. Ошондой эле төмөнкү факторлорду себеп катары атаса болот:

* Зомбулуктун негизинде курулган мамилелерди кадимки көрүнүш катыры кабыл алуу (ата-энеси менен жашап жүргөндө көргөн учурлар);

* Коомдо маданияттуулук деңгээлинин төмөн болушу;

* Уруп-сөксө сүйгөн үчүн, сезимдери болгон үчүн деп ишенүү;

* Массалык маалымат каражаттарында зомбулукту норма катары көрсөтүү;

* Караңгы ой жүгүртүү, сабаттуулуктун төмөндүгү;

* Чечкиндүүлүк, жоопкерчилик сапаттарынын төмөндөшү.

- Бул тема боюнча окурмандарга кыскача кеңешиңиз...

- Өзүңөрдү өнүктүрүүгө аракет кылгыла, өз муктаждыктарыңарды ички сезимдериңерди түшүнүп, ошого ылайык аракет кылгыла. Жогорудагыларды түшүнгөн шартта турмуштун татаал учурларынан чыгуу жеңилирээк болот.
Жардам сурап кайрылуу - уят эмес.
Адистерге кайрылсаңыздар, алардын жардамы менен оор абалдан чыгуу жеңил болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан