14-15-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдан маалымат таратышты.
Билдирүүдө жазылгандай, өлкө аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаап, мөндүр жаашы ыктымал.
Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.