Акылбек Жапаров Чолпон-Ата шаарында таза суу системасын жаңылоо жумуштары менен таанышты

Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында таза суу системасын жаңылоо жумуштарынын жүрүшү менен таанышты. Бул туурасында министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, шаардагы “Суу-Канал” ишканасы “Чолпон-Ата шаарындагы суу түтүктѳр системасын жакшыртуу” долбоорунун алкагында курулуш иштерин алып барууда.

"Жалпысынан долбоорго 5,1 миллион евро эсебинде каражат каралган. Долбоорду аткаруунун алгачкы этабында Чолпон-Ата шаарындагы муниципалдык “Суу-Канал” ишканасынын короосуна кеңсе жана унаа токтоочу имараттар салынып, 5 жаңы техника сатып алынды. Ошондой эле суу тазалоочу станциянын курулушу жүрүп, 18 чакырым аралыкка жаңы түтүктөр тартылган.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Чолпон-Ата шаарында курула турган Алыкул Осмонов атындагы жаңы сейил бактын долбоорун көрдү. Акындын үй музейинин жанындагы муниципалдык жер тилкеге шаар бийлиги жаңы, заманбап эс алуу багын курууну пландап жатат", - деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары Жапаров Алыкул Осмоновдун үй музейине да баш багып, имарат ичин көрүп чыкты. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунуну каржылоосунда курулуп жаткан жаңы сейил бакта Алыкул Осмоновдун ыр саптары жайгаштырылып, айкели орнотулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан