Өмүрбек Текебаев: “Өмүрбек Абдрахманов депутаттык топтор түзүлүп жатканда “кокуй, укмуш өзгөрүү болду” деп баарына сүйүнчүлөгөн, эми "Конституцияга каршы" дейт”

Жогорку Кеңештин 28-ноябрдагы жыйынында депутат Хажимурат Коркмазов депутаттык топтордун статусу жөнүндө мыйзам долбоор сунуштап чыкты."Мыйзам боюнча, депутаттык топтор фракциянын курамында боло алат, бирок көпчүлүк коалицияны түзөрдө өзүнчө бөлүнө албайт",- деди демилгечи. Бирок көпчүлүк депутаттар долбоорду колдобой тургандыктарын айтышты. Депутат Надира Нарматова “Убагында фракциядан чыкпашыңар керек эле. Эми ар кайсыны сунуштап, топтордун статусун өзгөртөбүз дегениңер туура эмес” деди.

Өмүрбек Абдрахманов да колдобой турганын айтып:“Мени фракциядан чыгарышкан, азыр эч бир депутаттык топто эмесмин жана депутаттык топ түзбөйм дагы. Мыйзам долбоорду колдобойм, мен Конституцияга ылайык гана иштейм”,- деп чыкты. Бул сөзү үчүн ага депутат Өмүрбек Текебаев жооп узатты.

“Депутаттык топтор түзүлүп жатканда ушул Абдрахманов “кокуй, укмуш өзгөрүү болду” деп сүйүнчүлөп, залдан чуркап чыгып журналисттерге интервью берген. Эми “Конституцияга каршы, мен депутаттык топ түзбөйм" дейт, убагында топ түзөм деп чыгып, бирок эч ким кошулбай койгон. Кийин Коркмазовго "кошуп ал" деп барды эле, ал кошпой койгон. Муну билип коюшубуз керек”,- деди Текебаев.

Эскерте кетсек, учурда Жогорку Кеңеште 3 депутаттык топ бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан