Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, анда тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүнүн перспективаларын жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
"Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессин тез арада аяктоо зарылдыгына басым жасалды.
Транспорт жана гидроэнергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашышты.
Ошондой эле кыргыз-өзбек мамилелерин мындан ары кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө, ошондой эле эң жогорку жана жогорку деңгээлде иш сапарларды уюштурууга эки тараптуу даярдыгын билдиришти", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Белгилей кетсек, жолугушуу Душанбе шаарында КМШга катышкан мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин отурумунун аянтчасында орун алды.