Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагына караштуу Ак-Ордо конушунун тургундары митингге чыгышты. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы жазып чыкты.
Митингде тургундар жол маселесин чечип берүүнү талап кылышты.
Алардын айтымында, былтыр жайында тендер өткөрүлүп, аны ишке ашырууга 28 миллион сом бөлүнгөн. Тендерди утуп алган компания Лущина көчөсүндөгү жолдун курулушун 24 миллион сомго бүткөрүүнү сунуштаган, бирок иш аягына дагы деле чыга элек.
Анда тургундар "Коррупцияга жол бербейбиз", "Коррупционерлер жоопко тартылсын", "Ар-Ордонун жолунун 28 миллион сомун жегендер жоопко тартылсын" деген жазуулар бар плакаттарды көтөрүп, көйгөйдү чечип берүүнү талап кылышты.