Ош шаарындагы "Узловая" жогорку чыңалуудагы көмөк чордонунун кубаттуулугу эки эсеге көбөйөт. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ишкана учурда "Узловая" 220 кВ көмөк чордонундагы кубаттуулугу 125 МВА болгон автотрансформаторду 250 МВАга алмаштыруу иштерин жүргүзүүдө. Бул иштер алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, ошондой эле керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында жүргүзүлүп жатканы кабарланды.
"Энергетикалык объекттин кубаттуулугун эки эсеге көбөйтүү Ош шаарынын жана Ош облусунун керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен тутумдук камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат. Мындан тышкары облустун жаңы керектөөчүлөрүн туташтырууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат билдирүүдө.