Кыргыздын сыймыктуу кызы, спортчу Мээрим Жуманазарова улуттук кийим менен түшкөн сүрөттөрү көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Сүрөттөр Дана Абдыбекованын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Анда сүрөттөр "АКМӨӨРFest2022" долбоору үчүн тартылганы жазылат.
Мээрим Жуманазарова "Токио-2020" XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын кол медалын, Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынган. Ал эми Азия чемпиондугунда балбан кызга күмүш байге буюрган.