Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерин эскерди

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүү күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, аза күтүү митингине ардагерлер кеңешинин төрагасы, ошондой эле ИИМдин ЖКККББнын ардагерлери жана өздүк курамы катышты.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар мемориалдык тактага гүл коюп, маркумдарды бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти.

Белгилесек, жыл сайын 15-майда Кыргызстанда кызмат учурунда курман болгон ИИМдин ички иштер органдарынын кызматкерлерин эскерүү күнү белгиленет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан