"Жаш канат" элдик бий ансамбли Москвада өткөн эл аралык сынакта баш байгеге ээ болду

"Жаш канат" элдик хореографиялык ансамбли Москвада өткөн "1941-жылдын алмалары" жаштар театрынын эл аралык сынагында баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарланды.

Мэриянын маалыматына таянсак, ансамбль сынакта "Живи и помни" спектаклин аткарышкан.

Орус драма театрында спектакль кыргыз көрүүчүлөрүнө тартууланып, соңунда борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева балдарга сыйлыктарын тапшырды.

Ошондой эле спектаклдин режиссёру жана сценаристи, "Жаш канат" фольклордук хореографиялык ансамблинин көркөм жетекчиси Фаткулин "КМШ шаарларын туруктуу өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" эстелик төш белгиси менен сыйланды.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан