Президент Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан Мырза-Аке жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын жатак мектебине 1 миллион сом тапшырды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Эске салсак, Бишкек шаарында 4-5-май күндөрү ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнүн катышуусундагы футзал боюнча "Мурас" аталышындагы достук мелдеши болуп өткөн. Анда "Президенттин администрациясы" жеңишке жетишип, 1 миллион сомдук акчалай сыйлыкка ээ болушкан.
Садыр Жапаров мелдештен кийин сүйлөгөн сөзүндө акчалай сыйлык жетим балдар үйүнө тапшырыларын жана бул жалпы команданын чечими экендигин билдирген.
Маалымат үчүн: Мырза-Аке жатак мектебинин имараты 1988-жылы курулган. 200 орундуу жатак мектепте учурда 181 тарбиялануучу билим алат.