Президент Садыр Жапаров "Калктын аярлуу катмарларынын айрым категорияларына мамлекеттик колдоону күчөтүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Жаңы жарлыкка ылайык, ушул жылдын 1-июнунан тарта мамлекеттик төлөмдөрдүн төмөнкү түрлөрүнүн өлчөмдөрү көбөйтүлөт:
– 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) – 810 сомдон 1200 сомго чейин;
– I топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга – 2500 сомдон 5500 сомго чейин;
– II топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга – 2000 сомдон 3000 сомго чейин;
– III топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга – 1500 сомдон 2000 сомго чейин;
– ата-энесинин биринен айрылган балдарга берилүүчү ар айлык жөлөк пул – 2000 сомдон 3000 сомго чейин;
– баатыр энелер үчүн ар айлык жөлөк пул – 2500 сомдон 3000 сомго чейин;
– улгайган жарандар үчүн – 1500 сомдон 2000 сомго чейин;
Мындан тышкары бирөөнүн камкордугуна жана көзөмөлүнө муктаж жарандарды жана бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди (18 жаштан жогору) баккан адамдар үчүн да атайын каражат бөлүп берүү боюнча жарлыкка кол коюлган.
Ошондой эле 2002-жылдагы 17-18-март окуяларында, 2010-жылкы апрель-июнь окуяларында жана 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон чек ара жаңжалында каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмүн жогорулатуу боюнча да атайын тапшырма берилгени маалымдалды.