1-декабрдан тарта Тимур Фрунзе көчөсү менен №8-троллейбус каттамы жүрө баштайт
Тимур Фрунзе көчөсү мэрдин катышуусунда ачылды.
Капиталдык оңдоо иштеринен соң бүгүн, 28-ноябрда Тимур Фрунзе көчөсү расмий ачылды. Бул иш-чарага шаар тургундары жана шаар башчысы Иса Өмүркулов
катышты. Оңдолуп колдонууга берилген жолдун узундугу 1,3 чакырым. Ал Гагарин
көчөсүнөн башталып Л.Толстой көчөсүнөн бүтөт. Жолдун туурасы 7-8 метрден 11
метрге чейин кеңейтилген. Ошондой эле эки кат асфальт төшөлгөн. Бул жолду
оңдоого жалпысынан 47 миллион сом каражат жумшалган.
Эми бул көчөдөн №8-троллейбус 1-декабрдан тарта жүрө баштайт.
Автор: Бекжан РыскуловФото: Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы