Бүгүн, 14-майда ИИМдин Ички аскерлери ант беришти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынын билдиришти.
Белгилүү болгондой, бир айдын ичинде жаш жоокерлер жалпы аскердик даярдыктан өтүшүп, аскердик кызматка зарыл болгон билимди, дене тарбия, ок атуунун ыкмаларын үйрөнүштү. Ошондой эле жалпы аскердик уставдардын беренелери, аскер кызматынын коопсуздугунун негиздери үйрөтүлдү.
"Жаш мекен сакчыларын Ички аскерлердин кол башчысынын орун басары Марат Нуралиев, аскер бөлүктөрүнүн командирлери, Ички аскерлердин ардагерлери, Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин өкүлдөрү, жакындары жана меймандар куттукташып, каалоо-тилектерин айтышты", - деп билдиришти ИИМден.
Иш-чара кыска убакыттын ичинде даярдалган жаш жоокерлердин саптык даярдык, кармашуу, кылмышкерлерди кармоо жана барабанчылардын саптык көрсөтүүлөрү менен уланды. Соңунда майрамдык концерт тартууланды.