Биз социалдык тармакта

Кыргыз-тажик тышкы иштер министрлери чек ара маселесин талкуулашты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугушуу өткөрдү.

ТИМдин маалыматында жазылгандай, эки тарап кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана мамлекеттер ортосундагы мамилелердин мындан аркы келечегин талкуулашты.

"Тараптар мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселелерди чечүүгө даяр экендиктерин ырасташты. Ошондой эле мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун жолугушууларын улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти", - деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары министрлер эки өлкөнүн аймактарындагы жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелерин кеңири талкуулашкан.
Белгилей кетсек, жолугушуу Душанбе шаарында КМШга катышкан мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин отурумунун аянтчасында орун алды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан