“Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү кирди

Бүгүн, 27-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” КРнын мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2013-жылдын 21-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган болчу.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүү боюнча, мыйзам долбоорлоруна добуш берүү Жогорку Кеңештин жыйналыштар күндөрү саат 15:00дөн тартып өткөрүлөт жана добуш берүү учурунда мыйзам долбоорлорун талкуулоого жол берилбейт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан