Кыргыз жергесинде Энелер күнү 2012-жылдан бери ар жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. Быйыл аталган майрам 15-майга туш келди.
Эне - ар бир үйдүн, мекенибиздин куту. Апаларга кандай мактоо сөздөрдү айтсак да, кандай жылуу сөзүбүздү арнасак да аздык кылар... Бул күндү утрулай SUPER.KG порталы акындардын апаларына арнаган ырларын сунуштайт.
ЭНЕ ЖҮРӨГҮ
Оо энеке, бакыт жаайт жамалыңда,
Ойго баттың, доорумда, заманымда.
Неге анда асманды карап жүрөм,
Бейиш болсо өзүңдүн таманыңда.
Ооба, бейиш, мээрим бар катылбаган,
Ооба, бейиш, бакыт бар жашырбаган.
Тирүүчүлүк өкүмүн сүрөт анан
Наадандардын максатын батырбаган.
Кадамынан күнүгө тапкан ардак,
Кимдер сенин ролуңду аткара алмак.
Тагдырымдан запкы жеп кулап жатсам,
Жүрөгүңдү берээрсиң башка жаздап.
Балалык доор, өмүр да өтүп жатат,
Бир бурчунан бир бурчка көчүп жатат.
Сенделгенде карайлап жарык таппай,
Сенин гана үмүтүң эшикти ачат.
Бир окуя жүрөктү келет өйүп,
Бар бактысы чайпалып, кеме чөгүп.
Жээкке сүрүп бу турмуш таштады эле,
Жан досумдун жаш эле энеси өлүп.
Оңой менен кайгыны тоготпогон,
Майышса да кайратын жоготпогон.
Өмүрүндө ыйлабас ошол досум,
Энекелеп, жер муштап шолоктогон.
Карегиме кан толуп көлкүлдөгөн,
Калдым досум тагдырдын өртүндө мен.
Энекең бар, сезилбес азыр сага,
Дүйнөдө жок бактылуу сенсиң деген.
Достун сөзү чынында тереңде экен,
Кайдан билдим, кайгыга эленбесем.
Бар дүйнөмдү ичинен багып жүргөн,
Бакытымдын башаты энемде экен.
Байкоо салсам өзүмдү терең карап,
Мен чырпыкмын, балпайган энем дарак.
Октоп келсе мылтыгын ажал бир күн,
Ойлонбостон мен үчүн энем барат.
Жолдор татаал өмүрдө эне баскан,
Көөдөндөгү көзүмдү энем ачкан.
Кара түнгө айланып энем жокто,
Каралбаган үйдөймүн желе баскан.
Ашууларга көз жетпейт энем ашкан,
Санааларга сөз жетпейт эне баткан.
Энелерди окшотом зор кемеге,
Түйшүктөрдү көтөрүп келе жаткан.
Күлтүңдөгөн уулдарын кошо жандап,
Эне жүрөт чечилбес түйүндө да.
Таяк менен үмүттү кошо кармап,
Эне жашайт карылар үйүндө да…
Жакшы ойлор заматта тебеленип,
Колум барбайт кээ кезде жазаарга да.
Оокат сатып, турмушту тегеренип,
Эне жүрөт күнүмдүк базарда да…
Кол жетпеген сыйда да эне жүрөт,
Шор кетпеген ыйда да эне жүрөт.
Тирүүлүктү айланып күн сыяктуу,
Тириликти жылыткан эне жүрөк.
Тереңинде күн жаткан эне жүрөк,
Сезимине гүл баккан эне жүрөк.
Ата-журтка мээримин төшөп коюп,
Таш жолунда өмүрдүн эне жүрөт.
Көлөкөңдөй өлгүчө коштогон ким,
Көңдөй уулун жаманга кошпогон ким.
Бейишиңден айрыган тозок ошол,
Энелердин жүрөгү токтогон күн…
Эч ким сыздап энесин жоктобосун,
Энелердин жүрөгү токтобосун!
Автор: Бердибек Жамгырчиев.
АПАМА
Ойлорду күлүк дешет, балбан дешет,
Ой, ыр деп уйкусуз түн, таңдар да өтөт...
Ааламды кезсем сансыз ойлор менен,
А апам ойлойт мени андан да көп...
Жашоонун тайгак жолу жалаң арман,
Жаныма илдет күчөп мага алардан,
Айбыгып, көңүл сыздап үшүп турсам,
А апам мен деп үшүйт санаалардан...
Алсырап чарчап келсем жүрүштөрдөн,
Апам ай, кагылайын үмүт берген...
Мен арсыз тосуп жүрсөм бакытымды,
Мени ал тосуп жүрөт күйүттөрдөн...
Санаасын тоодой үйүп санаам үчүн,
Сабырдан чыңап алып кара күчүн,
Жалынга күйүп жатсам жан чыркырап,
Жалтанбай апам гана барары чын...
Жашырса жакшылыгым жасалмалар,
Жар салбай коймок беле катамды алар...
Билбеймин мен бүлүнсөм таштайт кимдер...
Бир гана ишеничим апамда бар...
Билгеним бекем сүйүү апамда бар...
Автор: Максат Жангазиев.
АПАКЕ
Ойнотуп бизди жетелеп,
Оорутпай бактың бөпөлөп.
Калкалап мээрим жамалың,
Карызмын сизге эселеп.
Кайгымды тарттың теңселип,
Карыздар ким бар менчелик.
Жүк болгон күнүм эстесем,
Жүрөгүм ооруйт өйкөлүп.
Ааламды нурга бөлөйсүң,
Ак көйнөк кийсең көйкөлүп.
Ааламда бир да аялзат,
Ажарлуу эмес сенчелик.
Үмүттүн отун жандырган,
Үй ичин майрам шаң кылган.
Өмүргө бизди алып келген,
Апалар үчүн жан курман.
Өмүрдө канча арман бар,
Өзүң бар, бирок майрам бар.
Бейиш деп сенин таманың,
Белгилеп айткан пайгамбар!
Автор: Баян Акматов.
ЭНЕ ЖАНА КОЛОМТО
Мейли кышта, бурганактын шаңында,
Мейли күздө, мейли жаздын таңында,
Коломтону элестетсем, энекем,
Күйпөлөктөп олтургансыйт жанында.
Куурай терип, тезек терип жакканы,
Камданчуубуз казанга нан жапканы.
Эмнегедир от биздики дечүмүн –
Апамдардын өздөрү ойлоп тапканы.
Казан шуулдап, түбү көөлү карарган,
От күчөөчү коломтодо таралган.
Эмнегедир от бир буюм сезилчү,
Апакемдин колдорунан жаралган.
Эстен кетпейт өткөндөрдүн элеси,
Малчылардын күнгө күйгөн денеси…
А мен отту бир туугандай сезчүмүн,
Апам болчу анын дагы энеси.
Тиштеринде карсылдап тоо ышкыны,
Атам мага мингизчү көк быштыны.
Тентек кылсам дүңкүлдөтчү жонумду,
Апакемдин нандай жумшак муштуму.
Көмөч ысык. Оф! Фу! Кантем, калакай,
Коломтого топтой ыргып малакай.
Энем кайра алып көрүп колуна
Айтчу мага: — Ай, тентек ай, жалакай!
Уктап жатса, адетиңдир тук этмей?
Жымжырт. Жоопсуз, Кузгун дагы кук этпей.
Сен сурасаң үзүп алып очоктон
Күйгөн отту сунаар элем букеттей!
Мейли кышта, бурганактын шаңында,
Мейли күздө, мейли жаздын таңында,
Коломтону элестетсем, энекем,
Күйпөлөктөп олтургансыйт жанында.
Автор: Турар Кожомбердиев.
АПАКЕМДИН АЛМАСЫ
"Амансыңбы, айланайын кичинем,
Алаксытып койдум бекен ишиңен.
Эмне берип жиберейин" дегенде,
Мээримиңиз керек деймин ичимен.
Күйпөлөктөп кыйшык байлап жоолугун,
Күндө эстеп жатса керек жоругум.
Дүйнөдөгү таттуулардын ичинен,
Наныңыздын даамын таппай оорудум.
Салганыңыз келди жарып булутту,
Сезимиме чачылгандай тунук суу.
Өмүрүмдү узартчудай сезилди,
Өрүк кагы, таза балы, куруту.
Сагынычтан көтөрүлүп “кан басым”,
Суусаганда жуткум келди жармасын.
Апакемдин тийген үчүн колдору,
Айылымдын жуубай жедим алмасын.
Автор: Мелис Маматжанов.