Түркиянын Элазыг шаарындагы сейил бакка Чыңгыз Айтматовдун эстелиги коюлат

Түркиянын Элазыг шаарында Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага Кыргыздын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, маданият жана адабият ишмерлери жана аталган шаарда жашаган Кыргыз жарандары катышты.

"Иш-чаранын жүрүшүндө Элазыг аймагынын маданият жана адабият өкүлдөрү тарабынан даярдалган кыргыз жазуучусунун 2007-жылы Элазыгда болгону жана Хазар поэзия фестивалына катышканы, анын урматына сейил бак ачылганы тууралуу документалдык тасма көрсөтүлдү.

Жыйынтыгында тараптар жогоруда аталган сейил бакка биргелешип жазуучунун эстелигин орнотууну макулдашышты", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле элчи Өмүралиев Кыргыз жарандары менен жолугушуу өткөрүп, алардын суроолоруна жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан