Жалал-Абаддык тургундун ооруканада таракандар көп, тазалык сакталбайт дегени боюнча мекеме жооп берди

Порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун тургуну кайрылган. Анда ал оорукананын эне жана бала (грудной отделение) бөлүмүндөгү палаталарда таракандар көптүгүн, медайымдардын бейтаптарга жасаган мамилесине чеке жылыбай турганын билдирген.

Жалал-Абад облустук оорукананын жетекчиси Кумарбек Ботокараев жогорудагы билдирүү боюнча төмөндөгүлөргө токтолду.

"Оорукананын балдар стационарында 62 эне балдары менен дарыланып жатат. Негизги 45 орунга ылайыкталган.

Ал эми роковинанын сынып калгыны туура. Аны барып көрдүм. 3 күн мурун эле алмаштырган экен. 60тан ашык жаран колдонгону үчүн сынып калуу ыктымалдыгы өтө чоң. Кечээ алмаштырылды.

Бир ай мурун санэпидемстанция менен келишим түзүп, 3 кабатты жер төлөөсүнө чейин дезинфекция кылып чыкканбыз. Дагы деле профилактикалык иштерди жүргүзүп жатабыз. Мен барып текшергенде таракандар жок болуп чыкты.

Керебеттин алды жагын жуубайт деген экен. Колдон келишинче жууп жатышат. Шприц, система баары бар. 5 жашка чейинки балдарга толук акысыз берилет.

Ооруканада медайымдардын бейтаптарга орой мамиле жасайт дегени боюнча сураштырдым. Бейтаптар жакшы мамиле кылып жатканын айтышты", - деп билдирди дарыгер.

Мындан тышкары ооруканада орун жетишпеген көйгөй дайыма жаралып келерин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан