
Акыйкатчы
Атыр Абдрахматова Ош облусунун тургундары менен жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу акыйкатчы социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Жазылган маалыматка ылайык, анда ал адамдын укук бузуулары боюнча жеринде иш алып барат.
Акыйкатчы менен жолугушуу мерчемделген жайлар:
Ош шаары Курманжан Датка көчөсү 126, 18-19-май, саат 09:30-13:00;
Кара-Суу шаары Заводская көчөсү 2 (райондук администрациянын имараты), 20-май;
Ноокат шаары Ленин көчөсү 1 (райондук администрациянын имараты), 21-май.
Кошумча маалыматты төмөнкү номерлер аркылуу алса болот: 0-555-625-999, 0-772-262-992.