Бүгүн, 28-ноябрда КРнын Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Кытай Эл Республикасынын Синьцзян аскер округунун саясий комиссары, генерал-майор Лю Лэй менен жолугушту. Бул туурасында Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө аскердик кызматташуу жолдору талкууланды жана жетишкен ийгиликтер туурасында ойлор айтылды.
“Эки өлкөнү достук жана ынак коңшулук мамилелер бириктирип турат”,- деди Таалайбек Өмүралиев.
Ошондой эле министр мырза көрсөтүлүп жаткан колдоолор, жардамдар үчүн Кытай өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан мындан ары да коңшу өлкө менен кызматташууга даяр экендигин кошумчалады.