Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын саясий бюронун чукул жыйынын өткөрүп, Пхеньянды дары-дармек менен камсыздоону турукташтыруу үчүн аскер күчтөрүн колдонууга буйрук берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Ким Чен Ын чукул жыйында ишке жоопкерчиликсиз мамиле болуп жатканын айтып, министрлер кабинетинин жана саламаттыкты сактоо тармагынын уюштуруучулук жана аткаруучулук жөндөмүн сынга алган. Өкмөт дары-дармектердин улуттук запастарын бөлүштүрүүгө буйрук берген. Бирок өлкө лидери мамлекет тарабынан сатылып алынган дарылар дарыканалар аркылуу элге өз убагында жана так жетпей жатканын айткан.
"Ал элдик армиянын аскердик-медициналык кызматынын кубаттуу күчтөрүн тартуу аркылуу Пхеньян шаарын дары-дармек менен камсыздоону тез арада турукташтыруу жөнүндө буйрук чыгарды", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Ким Чен Ын Пхеньяндагы дарыканаларды кыдырып, дары-дармектердин жеткирилиши жана сатылып жаткандыгы тууралуу маалымат алган.
Өткөн сутка ичинде Түндүк Кореяда 296 миңден ашык белгисиз ысытма оорусу аныкталган. Бул оору учурда Түндүк Кореяда өтө тездик менен тарап жатат.