Жалал-Абадда кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлерине арналып эстелик тургузулду

Жалал-Абадда кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлерине арналып эстелик тургузулду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-майда Жалал-Абад ОИИБинин имаратына кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлерине арналып тургузулган эстеликтин ачылыш аземи болду. Ага Жалал-Абад ОИИБинин өздүк курамы, ардагерлери, кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин жубайлары жана жакындары катышышты. Иш-чаранын катышуучулары тарабынан эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, куран окулуп, каза болгон кызматкерлер эскерилди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда 1954-жылдан тартып кызмат учурунда 32 кызматкер каза болгон, анын ичинен 16сы кылмышкерлердин колунан каза тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан