Кызыл-Кыяда жоголуп кеткен кызды милиция таап, ата-энесине өткөрүп берди. Бул тууралууу Баткен ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен ОИИБинин кайгуул күзөт кызматынын милиция кызматкери милициянын сержанты Садыров Эламан коомдук коопсуздукту сактап жүрүп, Кызыл-Кыя шаарындагы Асаналиев көчөсүндө жайгашкан “Таштемир-Ажы” базарында бүгүн, 16-май күнү эртең менен саат 9дар чамасында 4-5 жаштагы кыз адашып калганын байкаган.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө арадан 1-15 саат өткөндөн кийин Ош облусунун Ноокат районунун Салиева айылынын тургуну (кыздын апасы) милиция кызматкерлерине өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, кызын алып кеткен.
Кызыл-Кыя шаарындагы “Таштемир-Ажы” борбордук базарына Ош облусунун Ноокат, Араван райондорунун жана Баткен облусунун Кадамжай районунун жергиликтүү тургундары барып күн сайын соода-сатык иштерин жүргүзүшөт.