Талас облусунун Манас районуна караштуу Арал айылынын Алымкул Үсөнбаев атындагы орто мектепти мындан 10 жыл мурун аяктагандар жакыр жашаган айылдашынын үйүн баштан аяк оңдоп-түзөп беришти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган бүтүрүүчүлөр өздөрү билдиришти.
2012-жылы бүтүрүүчүлөрдүн айтымында, алар өз ара кеңешип, айылдагы аз камсыз болгон үй-бүлөнүн үйүнө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, сообуна калууну чечишкен.
Ал эми азыркы тапта үй толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, үй-бүлө мүчөлөрүн кубанычка бөлөдү. Даяр үйдүн ачкычы ээсине расмий тапшырылып, салтанатка айыл тургундары жана аксакалдар келип, сооп иш жасаган 10 жылдык бүтүрүүчүлөргө ак батасын беришти.