"Садака бербей койгон". Бишкекте кайырчы жайкы кафеде отурган аялга кол көтөрдү

Бишкектеги кафелердин биринен кайырчы садака берүүдөн баш тарткан аялга кол салды. Бул тууралуу жабырлануучу социалдык тармактардагы баракчасына жазып чыкты.

Жабырлануучунун айтымында, ал Исанов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафелердин биринде отурган маалда жанына белгисиз бирөө келип кайыр сураган. Андан баш тартканда кайыр сураган жаран кол салган. Мындан тышкары, ал Тоrro кафесинин кызматкерлерин алгач сырттагы көзөмөл камераларынан видеону көрсөтүүдөн баш тартышкандыгы үчүн айыптады.

Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБине 15-май күнү болжол менен 30-35 жаш чамасындагы бейтааныш жигитке ошол эле күнү болжол менен 19:00 чамасында Тоrro кафесинен кол көтөрүп, оозго алгыс сөздөр менен сөккөнүн айтып Б.Н. аттуу жаран кайрылган. Аталган факты каттоого алынып, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары И.Ж. аттуу жаран кармалды. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Кафеде отурган кызга кайырчы кол салды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан