Бүгүн, 16-майга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 миллиард 958 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунан билдиришти. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 1 миң 49 метр куб, агып чыгышы 274 метр кубду түзүүдө.
Былтыр ушул күнү суу сактагычта 9 миллиард 728 метр куб суу болгон.