Ички иштер министрлиги кызмат учурунда каза болгон аскер кызматкерлерин эскерди. Министрликтин маалымат кызматынан белгилешкендей, бүгүн, 16-майда өткөн эскерүү иш-чарасына ардагерлер, каза болгон аскер кызматкерлердин жакындары жана Ички аскерлердин командачылыгынын өздүк курамы катышты.
Алгач министрликтин Ички аскерлеринин Баатырлар аллеясына гүл коюлду. Андан кийин меймандарга каза болгон аскер кызматкерлерине арналган видео ролик көрсөтүлдү.
"Ички аскерлердин аскер кызматкерлери улуу муундагы агаларыбыздын элесин жана даңктуу салттарын ыйык сактап, кийинки муунга өткөрүп келишет", - деди өз сөзүндө Ички аскерлердин колбашчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Дамир Алыбаев.
Каза болгон аскер кызматкерлерин эскерүү иш-чаралары ИИМдин Ички аскерлеринин бардык аскер бөлүктөрүндө өткөрүлдү.