"Кечирим сурайм". Арзыбек Кожошев пара алууга шектелип кармалган кеңешчиси боюнча үн катты

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси пара алууга шектелип кармалганын УКМКдан кабарлашкан. Кийинчерээк Кожошев кеңешчисинин кармалышы боюнча үн катып, ыңгайсыз абалда турганын айтты.

"Азыркы сиздерге тарап жаткан кабар өзүмө да күтпөгөн жагымсыз окуя болду. Менин кеңешчимдин кармалуусу боюнча маалыматты уккандан бери ыңгайсыз абалга келип олтурам. Чынын айтсам мага кеңешчи катары дайындалып жатканда жакшы эле карап, сураштырып анан алгам. Тилекке каршы ушундай иштер болуп кетти.

Эми кененирээк маалымат бере кетсем:
УКМК тарабынан 2022-жылдын 14-майында кармалган жаран мага өткөн айда, тагыраагы 26-апрель күнү кеңешчи болуп дайындалган. Кызматка дайындоо учурунда жогоруда белгилеп кеткенимдей, ал тууралуу терс маалыматтар жок болчу. Болгон окуяны эске алып аны кызмат ордунан бошотуу чечимин кабыл алдым.
Маалым болгондой, козголгон иш 2016-жылы болуп өткөн. Өткөн иш менен бүгүнкүгө байлап, түрдүү маалыматтарды таратпооңуздарды суранам.
Бул иш менин жана министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнө эч кандай тиешеси жок. Ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайм. Буга чейин кандай гана кызматтарда иштесем да элим үчүн таза иштеп келем. Мындан ары да элим үчүн ак ниет менен чын жүрөктөн таза кызмат кылам", - деп айтылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан