Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевге "2021-жылдын эң ийгиликтүү элчиси" номинациясындагы сыйлык ыйгарылды. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, сыйлык Түркиянын Малатья шаарында өткөн "GAP" аттуу Түркиянын журналисттер биримдигинин 15-сыйлоо аземинде тапшырылган.
Сыйлык Кубанычбек Өмүралиевге Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достукту чыңдоого, ошондой эле туризмди өнүктүрүүгө, экономиканы көтөрүүгө жана өз ара сооданын көлөмүн арттырууга кошкон салымы үчүн тапшырылды.
Иш-чаранын алкагында Молдова Республикасынын курамындагы Гагауз автономиялуу аймактык райондун башчысы, Түркиянын президентинин улук кеңешчиси, Румыниянын президентинин улук кеңешчиси, Малатиянын губернатору жана мэри, Түркия, Иран жана Румыниянын Соода-өнөр жай палаталарынын башчылары, белгилүү саясатчылар, ийгиликтүү бизнесмендер, илим жана маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер, ошондой эле түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү медиа өкүлдөрү да ар кандай номинациялар боюнча сыйлыктарга татыктуу болушту.