Асылбек Жээнбеков: “Биз Бажы биримдигине Кыргызстандын кызыкчылыгын сактоо менен киребиз”

“Кыргыз тарап Бажы биримдигине кошулуу боюнча туура багытта бара жатат. Биримдикке кошулуунун көптөгөн оң жактары бар. Бирок биринчи этапта белгилүү бир кыйынчылыктар да күтүлүүдө. Аларды чечүүдө кыргыз тарап Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин түшүнүүсү жана колдоосуна ишенет”. Муну Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 29-ноябрда Санкт-Петербург шаарындагы Евразия экономикалык шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынында айтты.

“Биз Бажы биримдигине Кыргызстандын кызыкчылыктарын сактоо менен кирүү ниетиндебиз”,-деди Жээнбеков.

Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Абдырахман Маматалиев “ЕврАзЭШке мүчө мамлекеттердин юридикалык жактын түзүлүүсүз ишкердик жүргүзүүчү жактардын укуктук жобосун аныктоочу мыйзамдарын жакындаштыруу жана шайкеш келтирүү боюнча сунуштамалар жөнүндө” доклады менен баяндама жасады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан