Бишкектин борбордук көчөсүн көрккө бөлөгөн декоративдик тосмолор жаңыртылды (фото)

Чүй жана Манас кең көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаркыраган шарлар менен инсталляция жана декоративдик оймо-чиймелер жаңыртылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери металлдан 12 атайын тирөөчтөрдү жасашкан. Орнотуунун бекемдиги үчүн аба ырайынын ар кандай шарттарына туруштук бере турган бетон негиздери орнотулган.

Мындан тышкары, кооздук тосмолору жаңыланып, электриктер 750 метр жаңы дюралиттерди орнотуп, металл оймо-чиймелеринин айланасына сары түс берүүчү жарыктар оролду.

Ошондой эле адистер жарык берүүчү шарларды чаңдан жана кирден тазалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан