"Мага жакчу эмес". Англияда жаран үйүнөн адам өлүмү жөнүндө жазылган каты бар куурчак таап алды

Улуу Британиянын Ливерпуль шаарында жергиликтүү жашоочу үйүн оңдоп жатып, коркунучтуу кат таап алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 32 жаштагы Жонатан Льюис үйдүн дубалын бузуп жатып, тепкичтин астындагы боштуктан кичинекей отургучта отурган чүпүрөк куурчакты таап алган. Куурчактын колунда үйдүн мурунку кожоюндарынын өлтүрүлүшү тууралуу маалымат камтылган кичинекей жазуу болгон.

"Менин атым Эмили, мени бошотконуңуз үчүн рахмат! Бул үйдө 1961-жылы менин түпкү кожоюндарым жашашкан. Мен аларды жактырчу эмесмин. Себеби алар ырдашып, көңүл ачып, аябай жийиркеничтүү болчу. Ошондуктан мен аларды өлтүрүүгө аргасыз болгом", - деп жазылган куурчактын колундагы катта.

Куурчакты таап алган жаран муну тамаша катары көрүп, үйдөн көчүп кеткен эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан