28-ноябрда КРнын Президентинин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев депутат Ахматбек Келдибековдун Ош облусунан келген тарапташтарын кабыл алды. Жолугушууда камакка алынган Ахматбек Келдибековго байланышкан маселелер талкууланды. Данияр Нарымбаев башкы прокурорго А.Келдибековдун тарапташтарын кабыл алуу өтүнүчүн жеткирип, президентке жолугушуу тууралуу маалымат берерин айтты.
Кылмышты иликтеп жатканда чара көрүү тууралуу чечимди кабыл алган прокуратура жана соттор мыйзам чегинде гана иш жүргүзүп, конкреттүү кылмыш ишиндеги жагдайларга жараша аракет кылары белгиленди.