Салык кызматы 4 айда 14 миллиард 400 миллион сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултканын билдирди

Январь айынан апрель айына чейин өлкөдө камсыздандыруу төгүмдөрүнөн жалпы 14 миллиард 400 миллион сомдон ашык каражат чогулду. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

"Мамлекеттик салык кызматы январь-апрель айларында 14 миллиард 445 миллион 50 миң сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 3,6 пайызга же 495 миллион 50 миң сомго ашыгы менен аткарылды", - деп билдиришти Салык кызматынан.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 2 миллиард 430 миллион 40 миң сомго көп чогултулду (өсүү ыргагы 120,2 пайыз).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан