Садыр Жапаров Москвадан Абу-Дабиге учту

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Орусиядагы иш сапары аяктап, президенттин учагы Москвадан Абу-Даби шаарын көздөй багыт алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Мамлекет башчысы иш сапары аяктаган соң бүгүн, 17-майда БАЭ президенти Шейх Халифа бин Заид Аль Нахаяйндын каза болгондугуна байланыштуу аза күтүү иш-чараларына катышуу үчүн Москвадан Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) багыт алды", - деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, 13-майда Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Халифа бен Заид Аль Нахайян узакка созулган оорудан улам 73 жашында каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан