Ошто төрөлгөн төрт эм ымыркайга президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов 100 миң сом сүйүнчү берди. Бул туурасында өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, бүгүн, 17-майда Зиядин Жамалдинов Ош облустук төрөт үйүндө жарыкка келген төрт эм ымыркайдан кабар алды. Облус башчысы ымыркайдын ата-энесин куттуктап 100 миң сом сүйүнчү берди.
Эске салсак, 2-май күнү Кара-Суу районунун 1990-жылы туулган тургуну
төрт эм (эки уул, эки кыз) ымыркай төрөгөн.
Учурда ымыркайлардын, энесинин абалы жакшы жана үйүнө чыгарылды. Алардын ден соолугу дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.