
21-майда Бишкектин четинде "Аба фонары" фестивалы өтөрү маалымдалган. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги иш-чараны өткөрүүгө тыюу саларын кабарлайт.
Министрликтен билдиришкендей, уюштуруучулар шаар сыртына чыгып, жаратылыш койнунда түндөсү 2000ден ашуун кытай фонарын абага коё бермекчи. Фестиваль тууралуу мындай маалымат социалдык тармактарга тарап, шаар тургундары анын айлана-чөйрөгө тийгизе турган таасирлерине кабатырланууда.
"Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жалындаган ачык от менен асманга фонарларды учурууга тыюу салат. Ачык от менен учкан фонарлар өрт кооптуулугуна жол ачат. Мисалга алсак, үйдүн шыбына, кургак чөбү бар бастырмага, жыгач курулуштарына, тоо койнундагы токойлорго, май куюучу станцияларга жана башка өрт коопсуздугу бар объекттерге түшүп, трагедия менен аякташы мүмкүн.
Кылмыш-жаза кодексинин "Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу" тууралуу 275-беренесинде өрт коопсуздугунун эрежелери сакталбаган учурда же этиятсыз болуусунан өрттүн чыгышына алып келсе кандай жазаларга тартылаары ачык жана так жазылган. Ошондуктан министрликтин өрттү көзөмөлдөө кызматы массалык иш-чараларда отту ачык жакпоого, учуучу фонариктерди колдонууга жана учурууга тыюу салат", - дешет маалымат кызматынан.