Алмазбек Атамбаев “Сименс АГ” концерндин делегациясын кабыл алды

28-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев вице-президент Дитрих Мёллер жетектеген “Сименс АГ” (Siemens AG) концерндин делегациясын кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан менен “Сименс АГ” концернинин саламаттыкты сактоодо, энергетикада жана экономиканын башка тармактарында кызматташуусунун келечеги талкууланды.

Дитрих Мёллер мамлекет башчыга “Сименс АГ” концернинин өкүлдөрү Кыргызстанга таанышуу сапары менен келгенин айтты. “Биз, Энергетика жана өнөр жай, Саламаттыкты сактоо, Транспорт жана коммуникациялар министрликтеринин жетекчилери, энергокомпаниялардын өкүлдөрү менен бир катар пайдалуу жолугушууларды өткөрдүк. Кыргызстанда иштей турган мүмкүнчүлүк көп экенин көрдүк”,- деди Мёллер.

Мамлекет башчы Кыргызстандын инвестициялык рыногунун мүмкүнчүлүктөрү жана кызыктуу жактары тууралуу, коррупцияга каршы күрөштө, текшерүүчү органдардын санын кыскартуу жана бизнести колдоо боюнча мамлекеттин аракеттери тууралуу айтып берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан