"Ош" эл аралык аэропортунун кызматкерлери аэропорттун жетекчилигине каршы митингге чыгышты.
Анда аэропорттун өндүрүштүк-диспетчердик кызматынын сегиз кызматкери аэропорттун кире беришине нааразылык акциясына чыгышкан. Алардын бири Жылдыз Токторбаева жумушчулар аэропорттун жетекчисине нааразы экендиктерин билдирди.
"Өзүңүздөргө белгилүү болгондой жумушка кирүү өтө кыйын. Ар бир орун чектелүү. Бизге жумуш ордун бошотуу боюнча кысым болуп жатат. Аэропорт жетекчи биздин кызматтын жетекчисинин кызматтан кетишин талап кылууда. Ал жума сайын сөгүш берип, Жаңы жылдык премияларыбызды кыскартканга чейин барды.
Аэропорт элдики, аэропорт келип алып каалагандай калчаган 2, 3 адамдыкы эмес. Бул жерде билимдүү адамдар иштеш керек. Кудай сактасын, бул жерде кырсык же өрт чыкса баары өз ийиндерине качып кетиши мүмкүн", - деди Токторбаева.