Кыргызстандык окуучу химия боюнча Эл аралык олимпиадада коло медаль жеңип алды

Жусуп Баласагын атындагы Токмок лицейинин 10-классынын окуучусу Иван Решетников химия боюнча Эл аралык Менделеев олимпиадасынан коло медаль утуп алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

56-ирет өтүп жаткан Менделеев олимпиадасы 9-16-май күндөрү Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында болуп өткөн. Ага 16 өлкөдөн 100дөн ашык окуучу катышкан. Ал эми Кыргызстандын намысын 6 окуучу коргогон.

Мелдештин катышуучулары эки теоретикалык жана бир эксперименталдык турларда билим деңгээлин сынашкан.

Олимпиаданын уюштуруучу комитетинин төрагасы, Орусиянын Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Степан Калмыковдун билдиришинче Менделеев олимпиадасы ЮНЕСКО тарабынан Эл аралык олимпиада катары таанылганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан