Бишкекте Жогорку Кеңештин 75 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка караганда, көргөзмө 2-декабрь күнү саат 10:00дө Улуттук китепканада болот. Көргөзмөгө кыргыз парламентинин тарыхын чагылдырган сүрөттөр, китептер жана башка баалуу материалдар коюлат.