Биз социалдык тармакта

Камчыбек Ташиев өзбекстандык кесиптеши менен макулдашыла элек участканы тик учак менен кыдырды

Кыргызстан менен Өзбекстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет башчылары жолукту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өзбекстандын мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы Абдусалом Азизов жолугушту. Эки өлкөнүн атайын кызматынын төрагалары биргеликте Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы чек ара тилкесиндеги макулдашыла элек Гавасай участкасын тик учак менен кыдырышты. Тараптар тийиштүү маселелер боюнча өз ара пикир алмашты. Жолугушуу жылуу, достук маанайда өттү жана тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан