Бүгүн, 17-майда Бишкектеги Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында министр Алымкадыр Бейшеналиевди колдоо митинги болуп өттү.
Министрди колдоо митингине болжол менен 50дөй адам катышты. Митингге чыккандар Алымкадыр Бейшеналиев кызматка келгенден баштап реформалар болгонун, эгер ал кызматтан алынса саламаттыкты сактоо тармагында коррупция күчөй турганын билдиришти.
Кечээ, 16-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары чукул маалымат жыйын өткөрүп, президент Садыр Жапаровго, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылуу жасашкан. Анда Алымкадыр Бейшеналиевдин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматуллаев жана Жапаркул Ташиев министрди кызматтан кетирүүнү суранышкан.