Баткенде 20 күндөн бери дайынсыз болуп изделип жаткан Данияр Сапаралиев табылды

Баткенде 27-апрелден бери дайынсыз болуп изделип жаткан Данияр Сапаралиев аман-эсен табылды. Облустук ички иштер башкармалыгынан белгилешкендей, ал Бишкек шаарында жүргөн.
"Ыкчам кызматкерлердин жүргүзгөн иштеринин натыйжасында Данияр Сапаралиевдин Бишкек шаарында жүргөндүгү аныкталган. Анын жүргөн жерине апасы менен аялы жиберилип, туугандарынын карамагына өткөрүлдү", - дешет мекемеден.
Белгилей кетсек, буга чейин Данияр Сапаралиев үйүнөн Тико үлгүсүндөгү унаасын айдап чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканы кабарланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан