Министрлик Чаткалда шыбы урап түшкөн мектептин эскилиги жеткенин айтты

Бүгүн, 17-майда Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы мектепте окуу учурунда мектептин шыбы урап түшкөн. Билим берүү министрлиги учурда окуучулар менен мугалимдин абалы канааттандырарлык экенин маалымдап, окуя тууралуу буларды билдирди.

"Чаткал районундагы мектептин эскилиги жеткен, бирок буга чейин авариялык абалда болгон эмес. Шыбынын үстүндөгү шыбак жука болгону жана эскилиги жеткени үчүн үстү түшүп калган. Бул кырсыктан эч ким зыян тарткан эмес, мугалимдин жана окуучулардын абалы канааттандырарлык. Профилактика үчүн аймактык ооруканага жеткирилди. Бүгүн кайра үйлөрүнө кайтышат.

Кошумчалай кетсек, бул билим берүү мекемеси 2 корпустан турат, кырсыктан улам бирөөсүндө окутуу токтотулду. Жергиликтүү бийлик тарабынан окуучуларды убактылуу коңшу мектепте окутуп туруу чечими кабыл алынды.

Министрликтин өкүлдөрү жакында аталган билим берүү мекемесинен жана кырсык учурунда класста болгон мугалим менен окуучулардан кабар алат", - дешти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан