Бишкекте мас киши милицияга көпүрөнүн алдында жардыруучу зат бар деп жалган маалымат берген

Бишкекте бомба тууралуу атайылап жалган маалымат тараткан деген шек менен 43 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борборунан билдиришет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-майда милицияга көпүрөнүн астына жардыруучу зат коюлганы тууралуу анонимдүү билдирүү түшкөн. Иликтөөдө аталган маалымат жалган болуп чыккан.

"Бул кылмышка шектүү катары 43 жаштагы В.Щ. аттуу жаран кармалды. Ал кылган ишин моюнуна алып, мас абалында милиция чакырганын айтты. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодекстин “террордук акт тууралуу билип туруп жалган маалымат берүү” беренеси менен кылмыш иши козголду. Кармалган жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан