Бүгүн, 17-майга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 8 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунан билдиришти.
Маалыматта суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 887 метр куб, агып чыгышы 304 метр кубду түзгөнү белгиленди.