Бишкектеги Жаш Гвардия бульварында жайгашкан мыйзамсыз орнотулган батуттар алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жаш Гвардия бульварында мыйзамсыз орнотулган батуттар жана балмуздак, суусундуктарды сатуучу пункттар аныкталган. Натыйжада батут ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз орнотулган 4 батут жана 1 муздаткыч алынды.
Ошондой эле "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы тарабынан соода түйүндөрүнө мыйзамсыз тартылган электр зымдары алынып салынды.