Акылбек Жапаров шыбы урап түшкөн мектеп окуясынан улам мамлекеттик органдардын ишин сынга алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылындагы №18 орто мектептин имаратынын шыбы урап түшкөндүгүнө байланыштуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришет.

"Төрага билим берүү мекемелеринин коопсуз иштешине жооптуу болгон тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин сынга алды.

Отурумдун жыйынтыгында Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга Терек-Сай айылындагы №18 орто мектептин имаратында болгон окуянын себептерин аныктоону, ошондой эле Терек-Сай айылындагы бардык имараттарды, мындан сырткары республиканын бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелеринин имараттарынын техникалык абалын текшерүүнү тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн, 17-майда Чаткал районундагы мектепте окуу учурунда мектептин шыбы урап түшкөн. Кийинчерээк Билим берүү министрлиги окуучулар менен мугалимдин абалы канааттандырарлык экенин, мектептин эскилиги жеткенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан